КР ТИМ кыргызстандыктарды Израиль жана Ливанга баруудан алыс болууга чакырды
25 сентябрь

КР ТИМ кыргызстандыктарды Израиль жана Ливанга баруудан алыс болууга чакырды

Израиль менен Ливандын чек арасындагы татаал жана чыңалган кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды аталган өлкөлөргө баруудан алыс болууну сунуштайт. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат. 

Ошондой эле маалыматта Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүү жана мүмкүн болушунча жогоруда аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүү зарыл экенин белгиленет. 

КР ТИМ белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги элчилигинин (+96525359951), КРнын Түркия Республикасындагы элчилигинин (+905456896800) жана КРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирет.