Бишкек шаарында унаа уурдоого шектүү кармалып, автоунаа ээсине кайтарылды
2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына Д.Б. аттуу жаран жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылган.
Анда арыз ээси 2025-жылдын 5-октябрында саат болжол менен 18:00 чамасында өзүнө таандык «KIA PIKANTO» үлгүсүндөгү автоунаасын Тоголок-Молдо көчөсүндөгү үйүнүн короосуна токтотуп, андан кийин Каракол шаарына чыгып кеткенин билдирген. 2025-жылдын 9-октябрында үйүнө кайтып келгенде автоунаасынын жок экенин аныктаган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (унааны мыйзамсыз ээлеп алуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган жаран Ж.Б. кармалган. Кармалган шектүү тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө учурунда шектүү жаран автоунааны мыйзамсыз ээлеп алып, аны 80 миң сомго сатып жиберип, алынган акча каражаттарын жеке муктаждыктарына жумшаганы аныкталган.
Учурда автоунаа табылып, кылмыш ишине далил катары тиркелди. Ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармалган жарандын ушул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.
