Куванычбек Конгантиев жемкорлукка шектелип кармалды
11 март

Куванычбек Конгантиев жемкорлукка шектелип кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиев 10-мартта өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырып бергенден кийин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалып, комитеттин тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу бир катар ЖМК укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазды. 

Алардын маалыматына караганда, 11-мартта Конгантиев УКМКга суракка чакырылып, андан соң коррупция жана мыйзамсыз байыган деген шек менен кармалган. Учурда мурдагы депутатка карата тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Расмий маалыматтар азырынча так айтыла элек.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке каттоого байланыштуу схемалар тууралуу билдирүүлөр жана видеоматериалдар таралууда. Айрым маалыматтарга ылайык, Конгантиевдин жардамчысынын атына 100дөн ашык кыймылсыз мүлк объектиси, анын ичинде коммерциялык объекттер катталган. Ал эми мурдагы депутаттын апасынын атына болжол менен 30га жакын жер тилкеси катталган. Мындан тышкары, Конгантиевдин жакындары ондогон компанияларга ээ экени айтылууда.

Куванычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп №21 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланып, 13 379 добуш алган. Парламентте ал өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетти жетектеген.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Конгантиевдин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын кабыл алган.