Кулубаев Нью-Йоркто Хорватиянын ТИМ башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Ушул жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич-Радман менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө министр Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду колдоо жана соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тактап айтканда, министр Кулубаев Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоону өтүндү.
Эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн Жээнбек Кулубаев расмий делегациялардын визиттери менен алмашууну жана тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларды өткөрүүнү сунуштады.