Бишкектин бир бөлүгүндө 25-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
24 сентябрь

Бишкектин бир бөлүгүндө 25-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө 25-сентябрда саат 10:00дөн 21:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Мындай чара Чортеков  жана Күйүкова  көчөлөрүндөгү диаметри 200 мм, 150 мм, 80 мм, 200 мм суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.

Өчүрүү аймагы төмөнкү  көчөлөр менен чектешет:
-  Чатыркөл - Шералиев көч. - Күйүкова көч. -  Чортеков көч. -  Ахунбаева көч. -  Муромская көч. Жазира көч. -  Көпүрө-Базар көч. Ахунбаев көч. - Репин көч.

“Бишкексууканал”  муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат.