Гүлшат Асылбаева экономика министринин орун басары болуп дайындалды
Гүлшат Асылбаева экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин ал Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы кызматын аркалаган.