III Элдик курултай 20-декабрга белгиленди. Жарлыкка президент кол койду
III Элдик курултай 20-декабрга белгиленди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Жарлыктын тексти "Эркин Тоо" гезините жарыяланды.
Курултайдын ишине 700дөй делегат катышары күтүлүүдө.
Министрлер кабинетине президенттик администрация менен бирдикте курултайды уюштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Эске сала кетсек, экинчи Элдик курултай 2023-жылдын 15-16-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн.