Саламаттык сактоо министри балдар медициналык мекемелерине барды
31 декабрь

Саламаттык сактоо министри балдар медициналык мекемелерине барды

2025-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология жана онкогематология бөлүмдөрүнө, ошондой эле Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна барды.

Жаңы жылдын алдында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда майрамдык маанай өкүм сүрдү. Онкология жана онкогематология бөлүмдөрүндө дарыланып жаткан кичинекей бейтаптар үчүн аниматорлордун катышуусунда жаңы жылдык программа уюштурулду. Майрамдык костюмдар, жылмаюулар жана көңүл буруу балдарды ооруканадагы күнүмдүк түйшүктөн бир азга алаксытып, аларга кереметке ишеним жана жакшы үмүт тартуулады. Ар бир балага жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Иш сапар Балдарды реабилитациялоо борборуна баруу менен уланды. Бул жерде майрамдык маанайды мекеменин тарбиялануучулары гана эмес, өзгөчө муктаждыгы бар балдарга күн сайын жан-дили менен кам көрүп келген кызматкерлер да бөлүштү.