Манас шаарында мекен үчүн кызмат өтөгөн баатырларга арналган “Даңк аллеясы” ачылды
15-июль күнү “Достук”паркында “Даңк аллеясынын”ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов, Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Олег Евгеньевич, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.
Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов өз сөзүндө «Даңк аллеясы» мекен үчүн кызмат өтөп, эрдик көрсөткөн мекендештерге болгон урмат-сыйдын белгиси экенин белгилеп, мындай жайлар жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
«Даңк аллеясына» Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, Ооган согушунун катышуучуларына, Баткен окуяларынын баатырларына, мамлекеттик чек араны коргогон чек арачыларга, Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан мекендештерге жана Аскер-Деңиз флотунда кызмат өтөгөн жарандарга арналган эстеликтер орнотулду.
Долбоордун жалпы наркы 10 миллион 319 миң 58 сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылды.
Иш-чаранын алкагында Манас шаарынын өнүгүшүнө, аскердик-патриоттук тарбияны чыңдоого жана «Даңк аллеясы» долбоорун ишке ашырууга кошкон салымы үчүн бир катар ардагерлер, коомдук ишмерлер жана эмгек өкүлдөрү Манас шаардык мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
