Бишкекте №66 жаңы электробус каттамы ишке кирет
14 ноябрь

Бишкекте №66 жаңы электробус каттамы ишке кирет

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрынан тартып борбор калаада №66 жаңы  электробус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, эми Көлмө конушунан 8-кичирайонго чейин ыңгайлуу, үнөмдүү жана экологиялык жактан таза электробустар каттай баштайт.

Маршруттун багыты: Көлмө конушу — Мидин көчөсү — М.Ганди көчөсү - Жаш Гвардия бульвары — Чүй проспектиси - Бейшеналиева көчөсү -  Киев көчөсү — Байтик Баатыр проспектиси — Токомбаев проспектиси  ал эми акыркы аялдама 8-кичирайон.

Электробустар заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана USB кубаттагычтар менен жабдылган.