Фучик көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды
Бүгүн Профсоюз көчөсүнөн тартып ЧЧК көпүрөсүнө чейинки аралык оңдоо иштеринен кийин ачылды.
Мэриядан билдиришкендей, аталган тилкеде эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар жаңыланып, жол чийиндер жана жол белгилери орнотулду.
Узундугу 3,2 км болгон көчөнүн оңдоо иштери дээрлик аяктап, ал эми 14-15-16-ноябрь күндөрү Фучик көчөсүнүн Жибек жолу проспекти менен Профсоюз көчөлөсүнүн кесилишинин чыгыш тарабы оңдоо иштерине жабылат.
Мэрия шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
