Ат-Башы райондук электр тармактарынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 14-ноябрда Нарын облусуна иш сапары менен барып, бир катар обьектилерди текшерип, айрымдарынын ачылыш аземине катышты.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алгач Ат-Башы райондук электр тармактарынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.
Өткөн жылы энергетика министри Ат-Башы районуна иш сапары менен келип, Ат-Башы районун тейлеген 65 кызматкердин эскилиги жеткен имаратын көрүп, кызматкерлерге шарты бар заманбап имарат куруу тапшырмасын койгон.
Коюлган тапшырмага ылайык, имаратты куруу иштери 2025-жылы май айында башталып, алты ай аралыгында толук бүткөрүлдү.
Жалпы аянты 360 м² түзгөн бул имарат эки кабаттуу, 70 кызматкерге ылайыкталып курулган. Объекттин сметалык баасы 25 млн 326 миң сомду түзүп, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан каржыланды.
Ал эми курулуш иштерин түзүлгөн келишимге ылайык “Стрим Групп” ЖЧК тарабынан ишке ашырылды.
Жаңы имарат кызматкерлердин жумуш шарттарын жакшыртып, калкты ыңгайлуу шартта тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Анткени административдик, сатуу жана диспетчердик бөлүмдөр бирдиктүү имаратта жайгашкан. Долбоордун курамында кошумча 273 м² аянттагы гараж жана чарбалык имарат да каралган.
Буга чейинки Ат-Башы РЭТинин эски имараты 1978-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен жана оңдоого чоң каражат талап кылынгандыктан, ордуна жаңы имарат куруу чечими кабыл алынган.
Ачылыш аземде министр Таалайбек Ибраев кесиптештрин жаңы кеңсеси менен куттуктап жатып,
Жаңы объектилердин ишке берилиши — аймактын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого, калкты сапаттуу тейлөөгө, ошондой эле энергетика кызматкерлери үчүн заманбап шарттарды түзүүгө чоң салым кошоорун баса белгиледи.
Мындан тышкары, министр 2025-жылдын 23-октябрында жаңы пайдаланууга берилген Нарын райондук электр тармагынын имаратына барып, кызматкерлерге түзүлгөн шарттар менен таанышып, Нарын облусу боюнча электр энергиясын керектөө боюнча ыкчам диспетчердик бөлүмдөн маалымат алды. Андан соң кызматкерлер менен жолугушуу өткөрдү.
Аталган иш-чарага КРнын энергетика министри Т.Ибраев, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору И.Сыдыгалиев, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Докоев, акимдин орун басары Максат Кадыркулов, жергиликтүү тургундар жана энергетиктер катышты.
