Францияда Бишкекте медициналык шаарча куруу маселеси талкууланды
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган делегация Францияда улуттук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын тааныштырды.
Иш-чарада Франция жана Кыргызстан ооруканаларынын ортосундагы кызматташтык күндөрүнүн алкагында өткөн форум негизги аянтча болуп, эки өлкөнүн алдыңкы медициналык, илимий жана технологиялык чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн бириктирди.
Өз сөзүндө Эркин Чечейбаев эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи.
Министр өзгөчө көңүлдү Бишкекте курула турган медициналык шаарчага бурду – бул өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык долбоор болуп, ал алдыңкы медициналык, билим берүү жана илимий борборго айланат.
Министр белгилегендей, келечектеги медициналык шаарча эл аралык стандарттарга жооп берип, диагностика, дарылоо, реабилитация, кадр даярдоо жана санариптик технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн камтыган толук циклдеги медициналык кызмат көрсөтөт. Долбоор улуттук саламаттык сактоо системасынын ядросу болуп, инновацияларды жана жогорку технологиялык чечимдерди киргизүү үчүн негиз түзөт.
Иш сапардын алкагында делегация Франциянын бир катар алдыңкы клиникаларына барып, тиешелүү багыттар боюнча адистер менен мазмундуу консультацияларды өткөрдү.
Адольф де Ротшильд Фондунун ооруканасында тараптар ыкчам неврологияны өнүктүрүү, инсульттан кийин реабилитациялоо жана кыргыз-француз дарыгерлеринин кесиптик алмашуусун күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Джорж Помпиду атындагы Европа ооруканасында делегация ыкчам кардиологиялык жардам көрсөтүүнүн уюштурулушу менен таанышып, татаал клиникалык учурларды талкуулоо жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу үчүн туруктуу видеоконференцияларды өткөрүп туруу макулдашты.
Мындан сырткары, министр Ооруканалар аралык кызматташтыктын 6-Эл аралык күндөрүндө сөз сүйлөп, эл аралык өнөктөштүктүн практикалык жыйынтыктарын белгиледи – телемедицина, санариптик сервистер жана жогорку технологиялык операциялардын чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен жүргүзүлүшү өңдүү жетишкендиктерди баса белгиледи.
Ин сапардын маанилүү бөлүктөрүнүн бири Expertise France агенттиги менен болгон жолугушуу болуп, анда жасалма интеллект, саламаттык сактоону санариптештирүү жана медициналык кадрларды окутуу жаатында кызматташтыктын перспективалары каралды.
Франциянын Каржы министрлигинин Казына департаментинде өткөн сүйлөшүүлөр да өзгөчө мааниге ээ болду. Тараптар медициналык инфраструктура долбоорлорун каржылоонун мүмкүн болгон механизмдерин талкуулап, оптималдуу кызматташуу моделдерин аныктоо үчүн эксперттик консультацияларды улантууну макулдашты.
Иш сапар Фош ооруканасына болгон зыярат менен жыйынтыкталды. Бул жерде кыргыз адистеринин квалификациясын жогорулатуу, кесиптик алмашуу жана клиникалык кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин Францияга болгон иш сапары Кыргызстан үчүн эл аралык байланыштарды чыңдоодо олуттуу кадам болуп, инвестиция тартууда, заманбап технологияларды киргизүүдө жана саламаттык сактоо тармагын модернизациялоого багытталган стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
