Кыргызстан жана Франция медициналык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин делегациясынын Францияга болгон иш сапарынын алкагында Франция Республикасынын Каржы министрлигинин Казына департаментинин жетекчилиги менен жолугушуу өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Франциядагы элчилигинин өкүлдөрү жана Франциянын экономикалык мамилелер жана өнөктөштүктөр боюнча директордун орун басары Фанни Лабарт жана түз экспорттук каржылоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мартен Фоллиассон катышты.
Тараптар медициналык инфраструктураны өнүктүрүү жана бул тармакты каржылоо боюнча кызматташтыктын перспективаларын кеңири талкуулашты.
Негизги тема — Кыргыз Республикасында жаңы медициналык шаарча куруу боюнча стратегиялык долбоор болду. Министр бул долбоорду диагностикадан жана дарылоодон тартып техникалык тейлөөгө, операциялык колдоого жана кадрларды даярдоого чейин толук циклдеги кызматтарды көрсөтө турган заманбап интеграцияланган комплекс катары тааныштырды.
Өзгөчө көңүл Франциянын медициналык объектилерди долбоорлоо, башкаруу жана пайдалануу боюнча тажрыйбасын колдонууга, ошондой эле техникалык кызматташтыктын мүмкүн болгон форматтарына бурулду. Тараптар ар кандай каржылоо механизмдерин карап, сунуштарды эксперттик деңгээлде мындан ары да деталдаштырууну макулдашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо системасын модернизациялоо приоритеттерине жооп берген оптималдуу өз ара аракеттенүү форматтарын иштеп чыгуу үчүн диалогду жана маалымат алмашууну улантууга кызыкдар экенин тастыкташты.
