Египеттин президенти Уламалар кеңешинин төрагасы Замир Ракиевди сыйлады
16-сентябрда Каирде иш-чара болуп, анда динге кошкон салымы жана элге кызматы үчүн өзгөчөлөнгөн инсандарга мамлекеттик ардактуу медалдар тапшырылды.
Иш-чарага Египеттин президенти Абдел Фаттах Саид Хусейн Халил ас-Сиси да катышып, Замир Ракиевге исламдын салттуу багытын өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон өзгөчө салымы жана ислам дининин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Илим жана маданият» медалын тапшырды. Кыргызстан менен Египеттин ортосундагы достук мамилелер.