Чүйдө авиация кызматкерлери үчүн турак жайдын курулушу башталды
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында бүгүн, 14-ноябрда авиация тармагында эмгектенген кызматкерлерге арналган жаңы турак жай комплекси боюнча мезгил кутусун салуу аземи өттү. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты.
Долбоор өлкөдө социалдык багыттагы турак жай курулушун кеңейтүүгө багытталган ири программаны ишке ашыруунун маанилүү этабы болуп саналат.
Жалпысынан 24 блоктон турган көп кабаттуу үйлөр курулуп, 1 080 батир пайдаланууга берилет. Аймак өзүнчө отканалар, унаа токтотуучу жайлар, балдар жана спорт аянтчалары менен толук камсыздалат.
