Аскер комиссариаттарынын үч кызматкери пара алууга шектелип кармалды
14 ноябрь

Аскер комиссариаттарынын үч кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Аскер комиссариаттарынын үч кызматкери пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда Ош жана Манас шаардык аскер комиссариаттарынын үч кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) жана 343-беренеси (опузалап пара алуу) беренелери боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында шектүү катары кармалып, камакка алынды.

Учурда аскер прокуратура органдары тарабынан кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо максатында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.