Кыргызстанда чет өлкөлүк номурлуу унааларга карата рейд жүргүзүлөт
14 ноябрь

Кыргызстанда чет өлкөлүк номурлуу унааларга карата рейд жүргүзүлөт

Кыргызстанда жакынкы күндөрү чет өлкөлүк номурлуу унааларга карата рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, буга чейин башка мамлекеттик кызматтар менен биргеликте өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 1000дөн ашуун чет өлкөлүк номурлуу унаалар аныкталган.

"Бул багытта өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, 1-октябрга чейин мөөнөт белгиленип, өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк номурлуу унааларга 10-аймактык мамлекеттик кыргыз номурларын алуу талабы коюлган. Кыргыз номурларын өз убагында албаган чет өлкөлүк унаалар тетик катары сатылышы, өлкөдөн чыгарылышы же утилдештирилиши керектиги эскертилген", – деп айтылат билдирүүдө.

Рейд учурунда аныкталган чет өлкөлүк номурлуу унаалар айып короо жайына токтотулуп, андан ары чыгарылбай, утилдештирилет.