Транспорт министрлиги
22 июнь
Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды
Күн мурун, 21-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 361–370-чакырым аралыгына сел түшкөн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жеринде атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.
Натыйжада жол бүгүн, 22-июнда, таңкы саат 05:00дө тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды.
Учурда жолду кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
