Коррупция тууралуу эми «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу билдирүүгө болот
www
16 июль

Коррупция тууралуу эми «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу билдирүүгө болот

Коррупция тууралуу эми «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу билдирүүгө болот, деп кабарлайт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Аталган кызмат коррупциянын алдын алуунун заманбап санариптик механизмдерин өнүктүрүүгө, жарандардын мамлекеттик органдарга кайрылуусун жеткиликтүү кылууга жана коом менен мамлекеттин коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы өз ара кызматташтыгын чыңдоого багытталган.

Жаңы кызмат «Түндүк» мобилдик тиркемесинин бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү жана акысыз көрсөтүлөт.

Кызматты кантип колдонсо болот?

Билдирүү жөнөтүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу зарыл:

1. “Түндүк” мобилдик тиркемесин ачыңыз;

2. “Коррупция жөнүндө билдирүү” кызматын тандаңыз;

3. “Кызматка өтүү” баскычын басыңыз. 

4. Электрондук кайрылуу формасын толтуруңуз;

5. Зарыл болгон учурда ырастоочу материалдарды тиркеңиз;

6.  Кайрылууну жөнөтүңүз. 

Арыз ээсинин тандоосу боюнча кайрылуу белгиленген компетенциянын чегинде кароо үчүн Башкы прокуратурага же Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт.

Кайрылууну даярдоодо коррупциялык укук бузуунун жагдайларын мүмкүн болушунча кеңири баяндоо сунушталат. Анда окуя болгон жерди, убакытты, катышуучуларды жана ишти кароого маанилүү болгон башка маалыматтарды көрсөтүү зарыл.

Кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

Жаңы санариптик кызматтын ишке киргизилиши мамлекеттик коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруудагы жана жарандардын коррупциянын алдын алууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү кезектеги маанилүү кадам болуп саналат. Заманбап санариптик технологияларды колдонуу кайрылууларды берүү процессин ар бир жаран үчүн ыңгайлуу, ыкчам жана жеткиликтүү кылат.