Эмгек министрлиги: Кыргызстанда 19 кризистик борбор бар
24 сентябрь

Эмгек министрлиги: Кыргызстанда 19 кризистик борбор бар

Облустар боюнча караганда, кризистик борборлор төмөнкүдөй жайгашкан: 

- Бишкек шаарында – 3 борбор. 
- Ош облусунда – 5 борбор. 
- Нарын облусунда – 2 борбор.
- Талас облусунда – 1 борбор. 
- Баткен облусунда – 1 борбор. 
- Жалал-Абад облусунда – 1 борбор. 
- Ысык-Көл облусунда – 5 борбор. 

Андан тышкары, учурда министрлик зомбулуктан жабыркаган аялдарга социалдык жана юридикалык кызмат көрсөтүүчү, “бирдиктүү терезе” принциби менен иштей турган мамлекеттик кризистик борборлорду ачуунун үстүндө иштөөдө. 

Борбордо квалификациялуу адистер иштеп, медциналык, консультациялык, юридикалык, психологиялык жана социалдык кызматтарды көрсөтүшөт. Бул жерден тергөө иштеринин жүргүзүлүүсүнө жардам алууга болот. 

Тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Бирдиктүү терезе Gizella эл аралык күзгүсү, тергөө амалдарын жүргүзүүдө жабырлануучуларга ыңгайлуу бөлмөлөр, медициналык текшерүү жана психологиялык колдоо көрсөтүү бөлмөлөрү, тергөө үчүн атайын жабдуулары бар соттук-медициналык кабинеттер менен жабдылган. Борбордун жалпы баасы 13 миллион сомдон ашты. 

Бул борбор учурда макулдашылып жаткан тиешелүү нормативдик-укуктук жоболорго кол коюлгандан кийин пайдаланууга берилет.