Бишкекте акыркы убактарда жол чырактар иштебей калган учурлар көп катталууда
14 ноябрь

Бишкекте акыркы убактарда жол чырактар иштебей калган учурлар көп катталууда

Бишкекте акыркы убакта райондук электр тармактары тарабынан электр жарыгынын өчүп жаткандыгына байланыштуу жол чырактар байма-бай өчүп жатканы катталууда. Бул тууралуу “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынан билдиришти. 

Ишкана тарабынан жол чырактарды өз калыбында иштетүүгө бардык иш-аракеттер көрүлүп жатат.

Эгер калаа жолдорунан жол чырактын иштебей жатканын байкасаңыз, дароо төмөнкү номурларга кабарлаңыз:
0504 88-90-99
0559 88-90-99
889099
650180