Бишкекте Ташиев катышкан кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу башталды
18 май

Бишкекте Ташиев катышкан кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу башталды

18-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Камчыбек Ташиев катышкан кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу башталды.

Адвокат Икрамидин Айткулов билдиргендей, иш бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптарга байланыштуу. Материалдарда Ташиевден тышкары дагы бир нече айыпталуучу бар.

Маалыматка ылайык, соттук териштирүү жабык режимде өтүүдө. Сот өкүлдөрү жана приставдардын айтымында, ишке “жашыруун” деген макам берилгендиктен, сот залына жана ага жакын жайларга кирүү чектелген.

Буга чейин Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, ишти сотко өткөргөн.

Коргоо тарабынын маалыматына караганда, кылмыш ишинин материалдары жашыруун болуп саналат жана процесстин катышуучуларына тергөөнүн деталдарын ачыктоого тыюу салынган.