Кыргызстандык энергетиктер майрам күндөрү штатык режимде иштешет
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан коюлган тапшырмага ылайык, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 31-декабрь Жаңы жыл майрамында жана январь айындагы эс алуу күндөрү өлкө аймагында энергокомпаниялардын жетекчилиги жана кызматкерлери штаттык режимде иш алып барышат.
Бүгүндөн тарта бардык райондук электр тармактарында ыкчам чыгуучу бригада жана жетекчиликтен бир адам кошулуп, нөөмөт уюштурулду.
Мындан тышкары, кандайдыр бир өчүрүү катталса, авариялык абалды тез арада калыбына келтирүү үчүн, атайын техника жана нөөмөттүк автомашиналар даярдалган, бригада керектүү жабдуулар менен камсыздалган.
Эгерде электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болсо, биздин күнү иштөөчү чалуу борборунун төмөнкү номерлерине кайрылсаңыз болот: 1209, 105, оператордун мобилдик номери: 0772 001209, 0556 001209, WhatsApp номер - 0702 001209.
Төмөндө ар бир облус боюнча электр тармактар ишканаларынын жетекчилеринин номерлеринин калтырабыз. Электр менен камсыздоо боюнча байланыша бериңиздер:
- Бишкек электр тармактар ишканасынын жетекчиси - Азамат Паизов +996 772 121 720;
- Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчиси - Доктурбай уулу Жолдошбек +996 555 772 442;
- Баткен электр тармактар ишканасынын жетекчиси - Нурлан Мамадалиев +996 770 091 009;
- Ош электр тармактар ишканасынын жетекчиси - Тилек Жолдубай уулу +996 703 778 818;
- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жетекчиси - Усенов Сүйүнбек +996 770 570 704;
- Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жетекчиси - Болот Шадыканов +996 702 021 816;
- Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчиси - Тилек Балкыбеков +996 778 318 537;
- Талас электр тармактар ишканасынын жетекчиси – Акылбек Султанов +996 504 330 505.
