Майрам күндөрү жүргүнчүлөрдү ташууну камсыз кылуу боюнча кошумча каттардар каттайт
Жаңы жыл майрамынын алдында жана эс алуу күндөрү аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти шаарлар жана облустар аралык автобустук каттамдарды үзгүлтүксүз камсыздап жатат.
Автобустар жетиштүү санда уюштурулуп, билеттердин тынымсыз сатылышы жана жол кире акыларынын негизсиз көтөрүлбөшү көзөмөлдөнүүдө. Бул максатта аймактык башкармалыктар автобекеттерде нөөмөт уюштуруп, көзөмөл жүргүзүүдө.
22-декабрдан тартып Бишкек автобекетинен Ысык-Көл, Нарын жана Талас багыттарына 364 пландуу каттам каралган. Мындан тышкары, 101 автобус кошумча рейстер үчүн резервге коюлган. Ушундай эле резервдеги автобустар 2026-жылдын 8–12-январы аралыгында да колдонулат.
Республиканын бардык аймактарында жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана жол киренин негизсиз көтөрүлүшүн болтурбоо боюнча ташуучуларга жана автобекеттерге эскертмелер берилип, алардын аткарылышы көзөмөлдө турат.
