Баткенде “Жаштык” жана “Жеңиш” эс алуу бактары пайдаланууга берилди
30 декабрь

Баткенде “Жаштык” жана “Жеңиш” эс алуу бактары пайдаланууга берилди

Баткенде “Жаштык” жана “Жеңиш” эс алуу бактары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Долбоор АРИС уюму тарабынан “Баткен облусун регионалдык экономикалык өнүктүрүү” программасынын алкагында ишке ашырылды.

Объекттин ачылуу аземине КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, шаар мэри Сейтек Кулубаевдер баш болгон жериликтүү жетекчилер, шаар тургундары катышты.

Эс алуу паркынын курулушуна 137 млн 481 миң сом жумшалды.

Учурда эс алуу парктарында,

  • Соода павильондору
  • Амфитеатр
  • Фонтан
  • Шахмат ойноочу жай
  • Санитардык-гигиеналык түйүндөр
  • Балдар ойноочу аянт
  • Машыгуу жайлары
  • Тротуар жана велосипед жолдору курулду.

Ошондой эле жер астындагы электр, суу жана канализация коммуникациялары жаңыланды.