Эми Кыргызстандагы бүткүл пляждык аймактар бирдиктүү башкаруу системасына өтөт
13 ноябрь

Эми Кыргызстандагы бүткүл пляждык аймактар бирдиктүү башкаруу системасына өтөт

Президенттик администрациянын имаратында 13-ноябрда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курорт, санаторий жана пансионаттардын жетекчилери менен парко-пляждык зоналардын келечектеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу жолугушуу өткөрдү.

Каныбек Туманбаев жолугушууда президенттин жарлыгына ылайык, бардык парко-пляждык аймактар жаңы түзүлгөн Дирекциянын балансына өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Мурда бул зоналар мамлекеттик болуп эсептелгени менен, алардын башкаруусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон. Эми бүткүл пляждык аймактар бирдиктүү башкаруу системасына өтүп, Дирекция тарабынан кароо, тазалоо жана коопсуздук иштеринин сапаты жогорулатылат.

Иш башкаруучу өз сөзүндө мамлекеттин позициясын так айтты:

Өлкөнүн бизнеске каршы эч кандай ниети жок, ижара баасын жогорулатуу же жеке секторго тоскоолдук жаратуу боюнча план жок. Тескерисинче, мамлекет жеке сектор менен ачык, туруктуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкка кызыкдар.

Анын айтымында, пляждык зоналардын тазалыгы, оңдоп-түзөөсү жана инфраструктуралык камсыздалышы эми түздөн-түз мамлекеттин жоопкерчилигинде болот. Бул чечим аймактардагы эс алуу шарттарын жакшыртууга, туристтик агымды көбөйтүүгө жана жайкы сезонду сапаттуу өткөрүүгө багытталган.

Жолугушууга катышкан пансионаттардын жана санаторийлердин өкүлдөрү өз пикирлерин билдирип, жаңы түзүм менен конструктивдүү кызматташууга даяр экенин билдиришти.