Ош мэриясы
3 июль
Ош шаарында октябрда дагы 10 сквер ачылат
Ош шаарынын күнүнө карата дагы 10 сквер ачылат, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, шаарда буга чейин мэр Жанарбек Акаевдин демилгеси менен 10 жаңы сквер пайдаланууга берилген.
"Күн мурун дагы 10 сквер курула турган жерлер аныкталды. Жаңы эс алуучу жайлар мурда каралбай калган, эски көп кабаттуу үйлөрдүн жанында шаардын ар бир аймагына курулат. Мэр Жанарбек Акаев бүгүн бардык локацияларды жеринен көрүп чыкты", - деп айтылат маалыматта.
Скверлерди куруу иштери жакынкы күндөрү башталып, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилет. Жашыл аймакта балдар аянтчасы, отургучтар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу каралган.
Максат – шаардын ар бир тургуну үчүн жайлуу, коопсуз жана жашыл эс алуу жайларын түзүү.
