Кыргызстан дем алуу органдарынын ооруларына каршы күрөштө өз позициясын бекемдөөдө
13 ноябрь

Кыргызстан дем алуу органдарынын ооруларына каршы күрөштө өз позициясын бекемдөөдө

13–14-ноябрда Бишкек шаарында дем алуу органдарынын оорулары боюнча XIV Улуттук конгресс өтүп, респиратордук медицина тармагындагы алдыңкы адистерди бириктирди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы пульмонологу Талантбек Сооронбаев, Россия жана Швейцариянын адистери, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген медициналык кызматкерлер катышышты.

Конгресстин катышуучулары дем алуу органдарынын ооруларынын алдын алуу жана дарылоонун жаңы стратегияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле респиратордук инфекциялар жана аллергияларды көзөмөлдөө программасы, респиратордук медицинанын өнүгүүсүндөгү заманбап багыттар жана өнүгүү перспективалары, өнөкөт обструктивдүү өпкө оорусун (ХОБЛ) диагностикалоо жана дарылоо боюнча жаңыланган эл аралык сунуштар талкууланды.

Конференцияда белгиленгендей, өлкөдө болжол менен 1 миллионго жакын жаран респиратордук оорулардан жабыркайт, бул дем алуу органдарынын ооруларын эң көп кездешкен оорулардын ичинен экинчи орунга чыгарат. Оорулардын негизги себептери катары тамеки тартуу жана меш жылытуудан улам имарат ичиндеги абанын булганышы көрсөтүлдү.

Ошол эле учурда эл аралык медициналык эксперттердин маалыматы боюнча, Кыргызстан өпкө ооруларынан өлүм көрсөткүчүн азайтуу боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишкен. Глобалдык саммиттерде өлкөдө өлүм деңгээли 26%га төмөндөгөнү белгиленип, Кыргызстан респиратордук оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө багытында региондогу башка мамлекеттер үчүн үлгү катары көрсөтүлдү.

Эксперттер белгилешкендей, мындай жыйынтыктар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин системалуу иш-аракетинин, улуттук программаларды өнүктүрүүнүн, эл аралык кызматташуунун жана калк арасында жүргүзүлгөн активдүү агартуу иштеринин натыйжасы болуп саналат.