Кыргызстандагы орточо жумуш жумасы КМШ өлкөлөрү арасында эң кыска болуп эсептелет
2025-жылы дүйнө жүзү боюнча орточо жумуш жумасы болжол менен 38,7 саатты түзөт. Бул көрсөткүч постсоветтик мейкиндикте бир топ айырмаланат.
Түркмөнстан жумасына 41,9 саат менен жумуш жүгү боюнча алдыңкы орунда турат, андан кийин Тажикстан 41,0 саат, Өзбекстан 40,4 саат жана Украина 39,3 саат менен турат.
Россияда жумасына орточо эсеп менен 38,2 саат, ал эми Армения менен Казакстанда жумасына 38,0 саат иштейт.
Грузия менен Молдовада орточо жумуш жумасы тиешелүүлүгүнө жараша 37,1 жана 37,0 саатты, ал эми Беларуста 36,0 саатты түзөт.
Рейтингдин эң төмөнкү жагына Кыргызстан жакыныраак, орточо жумуш жумасы 35,2 саатты түзөт. Азербайжанда гана жумасына 34,4 саат.
