Нарын ОИИБ
14 июль
Жумгалда дарыгерге кол салууга шектелген жаран кармалды
Жумгал районунда медицина кызматкерине кол салууга шектүү жаран камакка алынды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 27-июнунда Жумгал райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тез жардам бөлүмүндө кызматтык милдетин аткарып жаткан медицина кызматкерине күч колдонуу фактысы катталган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучунун ден соолугуна жеңил залал келтирилгени аныкталган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран кармалып, соттун чечими менен камакка алынды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.
