ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Ошто коопсуздукту камсыздоо маселеси талкууланды
13 ноябрь

ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Ошто коопсуздукту камсыздоо маселеси талкууланды

Ош облусунун башчысынын биринчи орун басары Илияз Ташбаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү.

Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын, ички иштер органдарынын, өзгөчө кырдаалдар, чек ара кызматынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында шайлоо учурунда жана ага даярдык көрүү мезгилинде коомдук жана мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу, террордук жана экстремисттик коркунучтардын алдын алуу боюнча маселелер талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгында укук коргоо жана мамлекеттик органдарга бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди. Атап айтканда, шайлоо тилкелеринин жана стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, патрулдук жана күзөт кызматтарын күчөтүү, өрт жана чек ара коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүү милдеттендирилди.