Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн жарандан эмнелер талап кылынат?
13 ноябрь

Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн жарандан эмнелер талап кылынат?

2025-жылдын 10 айында Кыргызстанда пенсия чектелген жарандардын саны 50 миңден ашты. 2024-жылы бир жыл ичинде 40-45 миң адам пенсияга чыккан. Мындай өсүүлөрдүн себеби катары Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов пенсияга чыгуу боюнча талаптардын жөнөкөйлөшүп калганын атады.

“Мыйзам боюнча 63 жашка чыккан эркектер жана 58 жашка чыккан аялдар пенсия алууга укуктуу. Андан башка майыптуулугу бар жана баккан адамынан айрылган жарандарга пенсия төлөнөт.

Жаш курак боюнча былтыр өзгөртүү киргизилген, пенсиянын базалык бөлүгүн толук алуу үчүн талап кылынган эмгек стажы 5 жылга төмөндөтүлдү. Мурда аялдардан 20 жыл, эркектерден 25 жыл талап кылынчу. Учурда 5 жыл гана талап кылынат. Бул көп жеңилдик берди. Ошондуктан, пенсияга чыккандардын саны 10 айдын ичинде 50 миңден ашып кетти”, – деди Мукамбетов.

Айтымында, пенсияга чыгуу үчүн жаран Социалдык фондго паспорту, кесиптик, орто жана жогорку окуу жайларынан алган диплому менен келиши керек. Анткени, кесиптик билим алуу боюнча окуган жылдары эмгек стажына кошулат.

“Эркектерге аскердик милдетин өтөгөн жылдары, аялдарга бала менен отурган жылдары – 3 жылдан 9 жылга чейин эсептелет. Мына, ушуларды эсепке алганда, 58, 63 жашка чыккан жарандын жок эле дегенде 5 жылдык стажы болсо керек. Мурда пенсиянын базалык бөлүгү талап кылынган 20-25 жылга жетпей калса, тендемелүү кылып эсептелип, азайтылып берилчү. Азыр толук эсептелинет. Былтыр июль айынан тартып дагы жакшы өзгөртүү киргизилди – пенсия төлөмдөрү жашоо минимумунан төмөн болбошу керек деген ченемге жеткирилди. Былтыр жашоо минимуму 6900 сом деп эсептелип, эң төмөнкү пенсия 6900 болгон, быйыл 1-октябрдан тартып кайра эсептелип, 7100 болуп белгиленди дагы, азыр пенсияга чыккандардын пенсиясы 7100 сомдон кем эмес”, – деди.

Ал Конституцияда Кыргызстандын туруктуу жашаган жарандары жана Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандыгы жок жарандар пенсияга чыга алаары көрсөтүлгөнүн кошумчалады.