Дубосековская көчөсүнө жаңы асфальт төшөлүүдө
13 ноябрь

Дубосековская көчөсүнө жаңы асфальт төшөлүүдө

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жолчулары шаардык жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин аяктоодо. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Учурда Дубосековская көчөсүнүн Месарош көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин аталган тилкеде эски асфальтты алуу, ирригациялык системаны орнотуу жана жолдун негизин даярдоо иштери аткарылган.