Ош шаарындагы Каралбай калган автогаражды оңдоо иштери аяктап калды
13 ноябрь

Ош шаарындагы Каралбай калган автогаражды оңдоо иштери аяктап калды

Ош шаарынын мэриясына караштуу автогаражды капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери соңку баскычка жетти. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Азыркы учурда имараттын ички жана сырткы жасалгасы жаңыртылып, терезелер орнотулуп, чатыры жабылып, айланасына асфальт төшөө иштери аяктоо алдында турат.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев автогараждын абалы менен жеринде таанышып, аны капиталдык ремонттон өткөрүүнү тапшырган болчу.