Ош шаарындагы №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкция иштери жанданды
Ош мэриясы
9 март

Ош шаарындагы №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкция иштери жанданды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ош шаардык №2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты менен таанышып, реконструкция иштерин тез арада жандандыруу тапшырмасын берди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Билдирүүдө айтылгандай, анын алкагында оорукана толук жаңыланып, заманбап медициналык талаптарга ылайык шарттар түзүлөт.

Шаар башчысы курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүтүрүү керектигин билдирип, медицина кызматкерлерине татыктуу шарттарды түзүү жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу шаар бийлигинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экени айтылды.

Мындан тышкары, мэр мекеменин медицина кызматкерлери менен жолугуп, алардын иш шарттары, учурдагы көйгөйлөрү жана сунуш-пикирлери менен таанышты.