Ташиев: саат 22:00дөн кийин тойлор токтотулушу керек
13 ноябрь

Ташиев: саат 22:00дөн кийин тойлор токтотулушу керек

Кыргызстандагы бардык кафе-ресторандарда тойлор түнкү саат 22:00дө аякташы керек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Region телеканалына берген маегинде билдирген. 

УКМК башчысы өлкөдө “Тынчтык жөнүндө” мыйзам аткарылбай жаткандыгын айтты. 

"Жакында эле 1-2 тойго бардым, биринчиси түнкү саат 24:00гө, экинчиси болсо саат 23:00гө чейин уланды. Аларга эч ким унчуккан жок. Бул “Тынчтык жөнүндө” мыйзам аткарылбай жатат дегенден кабар берет. Мыйзамдын аткарылышын шаар мэрлери, район акимдери, облус башчылары көзөмөлдөшү керек болчу", – деди ал. 

Ташиев кафе-ресторандардагы тойлор, оюн-зооктор түнкү саат 22:00дөн кийин токтотулушу керектигин, тартипке баш ийбегендердин жарыгы өчүрүлүшү керектигин кыйытты. 

"Бүгүн, 13-ноябрдан тарта Кыргызстандын бардык аймагында саат 22:00дөн кийин тойлор болбошу керек. 22:10до кафе-ресторандардын электр жарыгы толук өчүшү керек", – деген УКМК төрагасы аталган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөбөгөн жетекчилер жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскертти.