Бишкек: Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү деп “Brand house” курулуш компаниясынын башкы директору кармалды
13 ноябрь

Бишкек: Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү деп “Brand house” курулуш компаниясынын башкы директору кармалды

2025-жылдын 25-июнунда “И.” турак жай комплексинин үлүшчүлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна багытталган коллективдүү кайрылуу келип түшкөн. Алар өз кайрылуусунда Бишкек шаарынын Куйручук көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинин жетекчилерине, тактап айтканда “Хан-Строй” ЖЧКсынын башкы директору Э.Н. жана башка адамдарга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Анткени алар 2021–2024-жылдардын аралыгында Бишкек шаарынын мамлекеттик архитектурасынан уруксат берүүчү документтери болбосо да, үлүшчүлөрдөн ири өлчөмдөгү акча каражаттарын чогултуп, үйдү бүтүрүп берүү боюнча милдеттемелерин аткарышкан эмес жана алынган каражаттарды максатсыз пайдаланган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектүү катарында 1987-жылы туулган Э.Н. кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.