Чүйдө чет өлкөлүк жаран кармалды, ал баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоого шектелүүдө
13 ноябрь

Чүйдө чет өлкөлүк жаран кармалды, ал баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоого шектелүүдө

2025-жылдын 11-ноябрында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө «Тойбосс» ЖЧКсынын жанында, Ново-Покровка айылында белгисиз адамдын колундагы баштыгында баңгизат болушу мүмкүн деген ыкчам маалымат түшкөн.

Бул факты Ысык-Ата РИИБде катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, Ново-Покровка-Чоң-Далы автожолунда, БЧКнын жанында чет мамлекеттин 2002-ж.т. М.М.Х. атту жараны, учурда Бишкек шаарында убактылуу жашап жаткан адам токтотулган. Текшерүү учурунда анын колундагы кара түстөгү баштыктын ичинен өзгөчө жыт чыккан күрөң түстөгү 24 даана резина капсулалары табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 116,1 граммды түзгөн.

Алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында анын курамында никотин жана MDMB(N) психотроптук заты бар экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

2002-ж.т. М.М.Х. атту жаран Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Иш боюнча тергөө амалдары уланууда.