
Амангелдиев: Биздин максат – ИДПны эки эсеге көбөйтүү жана Кыргызстанды кургак портко айландыруу
КР Экономика жана коммерция министрлигине 100 жыл толду. Министр Данияр Амангелдиев өлкө экономикасынын абалы тууралуу билдирди.
– Мамлекет туруктуу болушу үчүн экономика туруктуу болушу керек. Экономика министрлиги түзүлгөн күндөн тартып өлкөдөгү маанилүү министрликтердин бири болуп келген. Анткени экономикага артыкчылык багыттарын тандоо жана аны алып кетүү биздин милдет. Акыркы учурда Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи өтө жакшы. Орточо салыштырганда 7 пайыз, бул дүйнөлүк темпте дагы жакшы көрсөткүчтөрдүн бири. Экономиканын өсүшү менен бюджеттин кирешеси дагы өсүүдө. Негизи саясий эрк пайда болгондон кийин олуттуу реформадар ар кайсы тармактарда жасалды. Алар экономиканын өсүшүнө таасирин берди”, – деди министр.
Айтымында, Кыргызстанда жалпысынан бардык тармактар, анын ичинде өзгөчө өндүрүш жана курулуш тармагы алдыга жылууда. Аны менен катар өздүк капиталга салынган инвестиция дагы жакшы көрсөткүчтөрдү берип, 59-60 пайыздын тегерегинде болду. Министр белгилегендей, бюджеттин киреше бөлүгү дагы 2021-жылга салыштырмалуу 3 эсеге өсүүдө.
– Быйыл бюджеттин киреше бөлүгүн 660 миллиард сом менен бүтүрөлү деген план бар. МинКабдын да, президенттин да максаты – 2026-27-жылдарга бюджетти 1 триллионго жеткирүү. Бул элибиздин жашоо-шартын жакшыртууга жардам берип, бул жаатта рейтингди бир топ көтөрдүк”, – деген ал социалдык контракттын катышуучулары жеке ишкерчилигин ачып, бутуна туруп кетиши өзүнчө бир маанилүү кадамга айланганын белгиледи.
Министр айыл чарба тармагын алдыга жылдыруу боюнча жасалып жаткан иштерге токтолду. Айтымында, бул тармакка жакында 1 миллиард сом бөлүнүп, ал каналдарды тазалоо, дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүүгө колдонулат. Ошондой эле 2025-жылы тармак 950 миллион юанга алынган техникалар менен камсыз болот. Ал белгилегендей, бул каражат Кытайдан берилген грант. Аны кайсы максатта жумшоону аныктоону Кытай Кыргызстандын тандоосуна койгон. Мындан улам президент Садыр Жапаровдун сунушу менен айыл чарбадагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Министр Амангелдиев мындан тышкары Кыргызстан экономикасынын дүйнөлүк шарттагы орду тууралуу дагы айтты. Ал белгилегендей, дүйнөлүк экономикадагы айрым тобокелчиликтер жана кесепеттер биздин өлкөнүн пайдасына иштөөдө.
– Ковид-19 дүйнө экономикасына терс таасирин тийгизди, анын кесепеттерин оңдоого көп убакыт кетти. Андан соң экинчи тобокелчилик пайда болду, Россия-Украина конфликтинен улам бир топ өлкөлөргө санкция салынды. Анын кесепеттерин жоюу боюнча стратегиялык программалардын негизинде иш жүргүзүп жаттык. Бизде учурда экономиканы мындан да такшалдыруу боюнча бир топ максаттар бар. Мисалы, 2030-жылга чейин ИДПны эки эсеге көбөйтүү жана Кыргызстанды кургак портко айландыруу. Буга Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жардам берет. Бул темир жол аркылуу түндүк менен түштүк бириктирилип, Өзбекстан аркылуу тышкы порт – Иран, Пакистанга, Түркмөнстан аркылуу Каспий деңизинен Европага чыга алабыз. Бул соода-логистикалык тармакты өнүктүрүүгө чоң түрткү берет. Себеби, учурда дүйнөдө логистиканын татаалдашы байкалып турат. Айрым мамлекеттердин өз ара ички карым катнашы кыйла оордоп кеткендиктен, бир канча чынжылдар үзүлдү. Ушул шартта Кыргызстандын потенциалы чоңойууда. Үзүлгөн чынжылдар аталган темир жолдун курулушу менен биригет, – деди министр.