
Соцфонддун төрагасы: Минималдуу пенсия 700 пайызга көтөрүлдү
Кыргызстанда минималдуу эмгек стажы 5 жылга азайды. Жок дегенде 5 жыл иштебеген кыргызстандыктар пенсиянын ордуна 2 миң сом өлчөмүндөгү карылык боюнча жөлөкпул гана алышат. Бул тууралуу Бишкекте маалымат жыйынында Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Ал өлкөдө 1-октябрдан тартып пенсия 6 миң 900 сомдон өйдө болуп калганын эске салды. Аны менен катар эмгек стажы 5 жыл деп белгиленди. “1-июлга чейин аялдар үчүн минималдуу эмгек стаж 20 жыл, а эркектер үчүн 25 жыл болчу. Биз бул босого чекти 5 жылга кыскарттык, пропорционалдык эсепти алып салдык, баарына базалык бөлүктү бирдей кылдык”, - деди ал.
Айтымында, мурда аялдын эмгек стажы катары эки баласы гана эсептелгенин (6 жыл). А азыр реформанын алкагында дагы бир бала кошулду. “Эми стаж үчүн 9 жыл алып жатабыз жана жогорку билим үчүн дагы 5 жыл берилет. Эркектерге аскерде кызмат өтөгөн жылдары эмгек стажы болуп берет. Баарында эле беш жылдык эмгек стажы болот деп ойлойм. Эмгек стажы болбой калгандар карылык боюнча жөлөкпул алышат”, - деп түшүндүрдү.
Соцфонддун төрагасы акыркы 3 жылда өлкөдө пенсия жакшы көтөрүлгөнүнө токтолду. “2022-жылы пенсиянын базалык бөлүгүн, ага кошумча камсыздандыруу бөлүгүн 15 пайызга көтөргөнбүз, 2022-жылы жалпысынан 33 пайызга жогорулатылган, 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 38 пайызга, а бул жылы 18 пайызга көтөрдүк.
Эгерде 2020-жылдагы орточо пенсияны алсак, ал 5400 сом болчу. Бүгүнкү күнү 1-октябрдан тартып орточо пенсия 10 миң 500 сомду түзөт. Орточо пенсияны биз 2 эсеге көбөйттүк, бирок бул пенсия эки эсеге жогорулады дегенди түшүндүрбөйт. Минималдуу пенсия 1000 сом болсо, бул жылы 6900 сомго жетти, башкача айтканда биз пенсияны 70ден 700 пайызга чейин көтөрдүк, тактап айтканда айрым жарандардыкын 7 эсе жогорулаттык”, - деген ал пенсиянын минималдык бөлүгү пенсионердин жашоо минимумуна чейин көтөрүлгөнүн белгиледи.