Мээрим Байболова: Соцтармакта купуялуулук сөзсүз болушу керек, антпесе жеке маалыматтар шылуундардын колуна түшөт
Мээрим Байболова
28 ноябрь

Мээрим Байболова: Соцтармакта купуялуулук сөзсүз болушу керек, антпесе жеке маалыматтар шылуундардын колуна түшөт

Социалдык тармактарга катталуу жөнөкөй көрүнгөнү менен, эң чоң киберкоркунучтар дал ушул учурда башталат. Анткени жаңыдан катталып жаткан колдонуучу биринчи кадамда эле аты-жөнүнөн тартып дарегине, телефонуна жана жеке сүрөттөрүнө чейин интернет желесиндеги баракчасы аркылуу бөлүшөт. Эгер бул маалыматтар туура корголбосо, алдамчылар аны сизге каршы колдонушу толук ыктымал. Ошондуктан социалдык тармактарга катталууда жеке маалыматты коргоо коопсуз онлайн жашоонун биринчи жана эң маанилүү кадамы. Жеке маалымат деген эмне жана аны туура коргоонун мааниси тууралуу медиаэскперт Мээрим Байболова айтып берет.

Жеке маалымат эмне деп эсептелет жана аны коргоо эмне үчүн абдан маанилүү?

– Жеке маалыматтарды коргоо абдан маанилүү болуп эсептелет. Себеби, аларды шылуундар  өз максаттарына жетүү үчүн колдонушу ыктымал. Алардын максаты ар кандай болушу мүмкүн. Алсак, ошол эле фейк маалыматтарды таратуу, күмөндүү шилтемелерди жөнөтүп финансылык пайда көрүү жана башка ушул сыяктуу. Ошондуктан жеке маалыматтарды эч кимге айтпай, тиешелүү деңгээлде койгой билген жакшы.

– Кээде жөнөкөй гана селфи көп маалыматты ачууда жардам берет дешет, чын эле ушундайбы?

Ооба, азыр анын себебин түшүндүрүп берем. Көп учурда бир гана сүрөттүн жардамы менен маалымат алууга болот. Мисалга, сүрөткө сиз жашаган дарек, же болбосо арткы фондон жеке сизге таандык болгон кандайдыр бир маалыматтар, автоунааңыздын номерин түшүп калышы ыктымал. Кээде аны өзүбүз байкабай социалдык тармакка жүктөн коюшубуз мүмкүн. Шылуундар сүрөттөгү маалыматтарды жеке кызыкчылыктары үчүн колдонушу толук мүмкүн. Албетте, ар бирибиз өзүбүзгө сак болуп, сүрөт же видео жүктөп жатканда сак бололу. 

 Телефон номерди же даректи ачык булактарга жарыялоо кандай тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн?

Социалдык тармактын бардык колдонуучуларын мындай кадамга барбоого чакырып кетем. Себеби анын кесепети жакшылыкка алып келбеши мүмкүн. Анткени, шылуундар сиздин телефон номериңиз же электрондук дарегиңиз аркылуу ар кандай акы төлөнүүчү тиркемелерге кириши ыктымал. Ал эми жашаган дарегиңизди ачык көрсөтсөңүз шылуундар сиздин үйүңүзгө чейин келбейт деп ким кепилдик берет. 

Социалдык тармактарга катталууда жеке маалыматтарды кантип коргоо керек?

Социалдык тармакта купуялуулук сөзсүз болушу керек. Эң жакшысы жеке баракчаңызды жаап салыңыз. Сиз жеке тааныбаган адамдардын сиздин сүрөтүңүздү, сиз жөнүндө маалыматтарды билбей эле койгону оң. Геолокацияңызды да өчүрүп коюңуз. Телефон номериңизди жана электрондук почтаңыздын дарегин да жеке өзүңүз гана көрө тургандай кылып катталаңыз. Себеби, сиздин сүрөт жана жеке маалыматтарыңызды шылуундар колдонушу мүмкүн. Окуучулар жана өспүрүмдөр кээде көңүл ачуу максатында жеке маалыматтыр тарыхчаларында коюп алышат. Мындай кылууга таптакыр болбойт. Себеби, ал маалыматтар жана айтканымдай эле шылуундардын колуна түшүп калышы мүмкүн.