Кыргызстанда сабиздин баасы жогоруласа, кумшекер арзандады – мониторингдин жыйынтыгы
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын 22-апрелине карата Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө (Россия, Казакстан) азык-түлүк продуктуларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:
Кыргыз Республикасында баалар төмөнкүдөй: сабиз – 0,3 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 0,1 %га жогоруласа, ал эми жумуртка – 2,5 %, каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 1,7 %, 1-сорттогу буудай уну (импорттолгон) – 1,4 %, нан азыктары (тандыр нан) – 0,3 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 0,3 %, кой эти (сулп этинен башкасы) – 0,3 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 0,2 %, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 0,2 %, 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө) – 0,1 %, кумшекер – 0,1 %га төмөндөгөнү байкалды.
Казакстан Республикасында баалар төмөнкүдөй: баш пияз (жаш пиязы) мурунку эски пиязга салыштырмалуу – 32 %, күрүч – 4,2 %, сабиз – 3,9 %, кум-шекер – 3,3 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуул-гы сүт – 3 %, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 2,1 %, макарон азыктары (вермишель) – 1,7 %, картошка – 1,2 %, жумуртка – 0,8 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 0,5 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 0,2 %га жогоруласа, ал эми каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 4,9 %, макарон азыктары (спагетти) – 3 %га төмөндөгөнү байкалды.
Россия Федерациясында баалар төмөнкүдөй: пастерленген 2,5-3,2% майлуул-гы сүт – 1,4 %, сабиз – 1,2 %, кум-шекер – 1,1 %, картошка – 0,9 %, жумуртка – 0,8 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 0,7 %, макарон азыктары (вермишель) – 0,6 %, кой эти (сулп этинен башкасы) – 0,6 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 0,6 %, күрүч – 0,3 %, каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 0,3 %, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 0,1 %га жогорулаганы байкалды.
