Баткенде жаңы шифер ɵндүрүүчү заводу ачылат
22 август

Баткенде жаңы шифер ɵндүрүүчү заводу ачылат

Баткенде жаңы шифер ɵндүрүүчү заводу ачылат. Бкл тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Кызыл-Кыя шаарынын өнөр жай аймагында жайгашкан шифер чыгаруучу заводунун жалпы долбоордук баасы 70 млн сом.

Ишкана күнүнɵ 3500 дана шифер листерин ɵндүрүү кубаттуулугуна ээ. Жалпы 40тан 70ке чейин жаңы иш оруну түзүлөт.

"Бүгүнкү күндө шифер заводунун жабдуулары толук алынып келинип орнотулду. Сыноо иретинде шифер үлгүлɵрү чыгарылып, лабораториядан ɵткɵрүлдү. Завод толук кандуу иштөөгө даяр", - деп айтылат маалыматта.

Облус башчысы Айбек Шаменов өндүрүш ишканасынын даярдыгын көрүп, ишкананын ачылышы курулуш материалдарына болгон суроо талапты женилдетүүгө өбөлгө болорун белгиледи.