Алмаз Бакетаев КР Улуттук банкынын төрагасы болуп шайланды
18 март

Алмаз Бакетаев КР Улуттук банкынын төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында КР Улуттук банкынын төрагасын шайлоо маселеси каралды.

Аталган кызмат ордуна Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Алмаз Бакетаевди КР Улуттук банкынын төрагасы кызматына шайлашты. Ага 73 депутат добуш берди.

Ал эми буга чейин Улуттук банктын төрагасы кызматын аркалап келген Мелис Турганбаев өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшырды.