Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө суукка чыдамдуу өсүмдүктөрдү эгүү сунушталды
Айыл чарба сезонун натыйжалуу пайдалануу жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу максатында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө суукка чыдамдуу өсүмдүктөрдү күзүндө эгүүгө алдын ала даярдык көрүүнү сунуштайт.
Күздө эгүүгө сунушталуучу жашылча өсүмдүктөрү:
- сарымсак,
- пияз.
Бул өсүмдүктөр туруктуу үшүк башталганга чейин тамырлап үлгүрөт жана жазында эрте өнүп чыгып, эрте түшүм алууга өбөлгө түзөт. Дан эгиндери:
- күздүк буудай,
- күздүк арпа.
Күзүндө эгилген дан эгиндери кыш-көктөм мезгилиндеги нымдуулукту натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берип, жазгы эгилген эгиндерге салыштырмалуу жогорку түшүм берет.
Күздө отургузууга ылайыктуу мөмө-жемиш жана мөмө өсүмдүктөрү:
- малина, кара карагат, крыжовник,
- муздакка чыдамдуу жүзүм сорттору,
- алма, алмурут, алча, өрүк.
Күзүндө мөмө-жемиш жана мөмө өсүмдүктөрүн отургузуу жаздагы вегетациялык мезгилге чейин жакшы тамыр алышына шарт түзөт жана келечектеги мол түшүмдүн пайдубалын түзөт.
