Кыргызстанда жыл аягына чейин 4 соода-логистикалык борбору ишке берилет
25 сентябрь

Кыргызстанда жыл аягына чейин 4 соода-логистикалык борбору ишке берилет

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 34 соода-логистикалык борбор (СЛБ) бар, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, 2025-жылы 9 СЛБ салуу пландалган, анын бешөө бүгүнкү күндө ишке берилди, калган төртөө жыл аягына чейин ишке берилүүсү күтүлүүдө.

Кыргызстанда экспорттук жана импорттук агымдарды натыйжалуу башкаруу, айыл чарба продукцияларын сактоо жана бөлүштүрүү максатында жаңы соода-логистикалык борбор түзүү иштери улантылууда.

Борборду түзүү бир нече негизги этаптардан турат. Адегенде долбоордун максаттары аныкталып, жайгашкан жери тандалат жана бизнес-модель эсептелет. Андан соң аймактын планы менен инфраструктурасы иштелип чыгып, курулуш иштерине уруксаттар алынат.

Курулуш баскычында кампалар жана кеңселер тургузулуп, заманбап жабдуулар жана IT-системалар орнотулат. Андан ары товарларды кабыл алуу, сактоо жана жөнөтүү процесстери жолго коюлуп, электрондук документооборот жана кардарлар үчүн санариптик кызматтар киргизилет.

Персоналды тандоо жана окутуу өзүнчө багыт катары каралып, мотивациялык механизмдер менен KPI системасы киргизилет. Ошондой эле транспорттук компаниялар жана соода түйүндөрү менен кызматташуу бекемделип, мамлекеттик органдар менен тыгыз иш жүргүзүлөт.

Жаңы борбордун иши сыноодон өткөрүлүп, анын натыйжалуулугу бааланат. Келечекте кызмат көрсөтүүлөрдүн спектри кеңейип, автоматташтыруу, электрондук соода жана