Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстандагы чачынды алтын казып алуунун учурдагы абалы тууралуу маалымат алды
Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтын казып алуунун учурдагы абалы жана анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жөнүндө маселе каралды.
Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Кубат Касейинов маалымат берди. Анын айтымында, 2025-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынга 107 лицензия берилген, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 40 лицензия, ал эми чачынды кендерди иштетүүгө – 67 лицензия.
«2024-жылы 10 компания тоо-кен иштерин жүргүзүшүп, жалпысынан 166,92 кг алтын казылып алынган», - деп кошумчалады баяндамачы.
Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов чачынды алтын кендеринде алтындан тышкары башка баалуу металлдар, сейрек кездешүүчү элементтер болушу мүмкүн экенин айтып, аларды аныктоо үчүн лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Эл өкүлдөрү Алишер Козуев, Жайлообай Нышанов чачынды алтынды иштетүүгө берилген 67 лицензиянын 45и Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна берилип, учурда 5 гана компания кен казуу иштерин жүргүзүп жатканына өзгөчө көңүл бурушту. Ага ылайык, лицензияларды кайра чакыртып алуу маселеси ортого салынды.
Комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев чачынды алтынды иштетүүдө компаниялар тарабынан рекультивациялык иштердин өз убагында сапаттуу аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады.
Муну менен катар комитет мүчөлөрү чачынды алтынды иштетүүдө жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарын эске алууну жана экологиялык, техникалык коопсуздук эрежелеринин так сакталышына контролду күчөтүүнү табышташты.
Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасында химия өнөр жайын өнүктүрүү жана анын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат угулуп, эске алынды.
