Таласта «Ласточка» сортундагы болгар калемпиринен 20 тоннадан ашык түшүм алышууда
1 сентябрь

Таласта «Ласточка» сортундагы болгар калемпиринен 20 тоннадан ашык түшүм алышууда

Талас облусунун Манас районунун Семетей айылында дыйкандар «3+2» пилоттук долбоорунун алкагында 5 гектар жерге «Ласточка» сортундагы болгар калемпирин айдашкан. Өсүмдүктүн өсүшү жакшы болуп, зыянкечтер жана оорулар катталган эмес.

Натыйжада быйыл орто эсеп менен 20 тоннадан ашык түшүм жыйноо күтүлүүдө. Бул сорттун өзгөчөлүгү – түшүмдүүлүгү жогору, даамы сапаттуу жана сакталуу мөөнөтү узак.

Өткөн жылы дал ушул сорттон алынган түшүмдүн баасы килограммына 25 сомдон сатылып, дыйкандарга туруктуу киреше алып келген. Быйылкы түшүм да ички рынок менен чектелбестен, Россия, Казакстан, Өзбекстан өңдүү коңшу өлкөлөргө экспорттолору күтүлүүдө.

Айыл чарбасын колдоо максатында ишке ашып жаткан «3+2» долбоору дыйкандардын кирешесин арттырып, экспорттук потенциалды кеңейтүүгө өбөлгө болууда.