Ош шаарында “Agro Expo 2026” айыл чарба көргөзмөсү өтүүдө
Ош шаарынын борбордук аянтында “Agro Expo 2026” айыл чарба көргөзмөсү өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышууда.
Көргөзмөдө заманбап техника жана жабдуулар, сапаттуу үрөндөр, көчөттөр, жер семирткичтер, айыл чарба продукциялары коюлду. Ошондой эле адистерден тамчылатып сугаруу системалары, агрономдордон мастер-класстар көрсөтүлүп, каржылоо мүмкүнчүлүктөрү камтылды.
Жарманкеде Өзбекстан, Тажикистан, Кытай өлкөлөрүнүн жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрү өз продукцияларын көргөзүшүүдө жана иш-чара лотерея ойнотуу, шоу-программа менен коштолду.
Эл аралык жарманкенин максаты – дыйкан-фермерлер үчүн тажрыйба алмашуунун, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүнүн жана инвестиция тартуунун натыйжалуу аянтчасын түзүү.
